«ПолитКлиника» басылмасынын кеңсеси каракталды — сүрөт

«ПолитКлиника» басылмасынын кеңсеси каракталды — сүрөт

«ПолитКлиника» интернет басылмасын белгисиз бирөөлөр карактап кеттти. Басылманын маалыматына караганда окуя 2-марттан 3-мартка караган түнү болгон.

“Кеңсенин терезесинин тор темирин талкалап киришкен. Андан кийин офистин ичиндеги эшиктерди талкалап, бөлмөлөргө кирип, иш кагаздарыбызды, шкафтарды, текчелерди текшеришкен. Ал эми сырткы эки эшик бекилүү бойдон турган. Кирген кишилер кайра терезенин сындырып кирген тор темири аркылуу чыгып кетишкен. Калган бөлмөлөрдүн терезелери да ачык калган”, —  деп жазат басылма.

Редакция кызматкерлери милицияга кабар берген соң Бишкектин Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын ыкчам тобу келип, тергөө иштерин жүргүзүшкөн.

Басылманын башкы редактору Дилбар Алимованын айтымында каракчылар тоноо үчүн кирген эмес.

“Кеңседен баалуу эч нерсе жоголбогону белгилүү болду. Компьютерлер, ноутбук, фотоаппараттар жана башка техниканын, буюмдардын баары — өз ордунда. Бир гана биздин жумушчу материалдарыбыз, кагаздарыбыз, жумушчу блокнот, китепчелерибиз, хард диск жоголду. Муну биз журналисттик ишмердүүлүгүбүз менен байланыштырабыз”, — деп билдиршкен.

[su_image_carousel source=»media: 22286,22287,22288,22289,22290,22291,22292″ crop=»none» autoplay=»4″]

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>