Кыргызстанда жер титиреди

Кыргызстанда жер титиреди

Сейсмология институтунун маалыматына караганда, бүгүн, 24-майда саат 06:25те Кыргызстандын аймагында күчү 3,5 магнитудага жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында, Ноокен районунун Тоскоол айылында 3,5 баллга, Кара-Булак айылында 3 баллга, Массы айылында 2,5 баллга (Тоскоол айылынан 10 чакырым түндүк батышка, Майлуу-Суу шаарынан 13 чакырым чыгышка) чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>