Кыргызстандык спортчулар Кытайда ММА боюнча турнирге катышат

Кыргызстандык спортчулар Кытайда ММА боюнча турнирге катышат

Кыргызстандык спортчулар Тынчтыкбек Каныбек уулу менен Нуржигит Акунов 24-майда Кытайда өтө турган аралаш мушташ боюнча JCK FIGHT NIGHT 99 турнирине катышат.

«Кабылан» каймана аты бар Тынчтыкбек Каныбек уулу 66 килограммга чейинки салмак ченинде 9-2 рекорду менен кытайлык Тенглиге (38-14) менен беттешет.

Ал эми, «Аккула» каймана аты менен таанымал болгон  Нуржигит Акунов (5-1) 77 килограмм салмакта Ки Ванга (25-15) беттешет.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР
Тэги: спорт

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>