Салыктарды QR-код аркылуу төлөө механизми иштелип чыгууда

Салыктарды QR-код аркылуу төлөө механизми иштелип чыгууда

1-июлдан тарта банктардын кассалары аркылуу салыктарды, салык органдары тарабынан башкарылган салыктык эмес төлөмдөрдү жана камсыздандыруу төгүмдөрүн QR-код аркылуу төлөө мүмкүнчүлүгү киргизилет. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди.

Учурда Cалык кызматы коммерциялык банктардын өкүлдөрү менен бул механизмди киргизүү маселесин чечип жатат.

Аталган кызматтын маалыматында, салыктарды төлөм коду же QR-код аркылуу төлөө бир катар оң натыйжаларды берет:

  • Салык төлөөчүнүн төлөгөн каражаттары онлайн режиминде бюджетке түшөт;
  • Банк кассасында төлөм документтери, реквизиттерди толтурууда (кол менен толтуруу) кетчү каталар жоюлат;
  • Салык төлөөчүлөргө ыкчам жана сапаттуу кызмат көрсөтүү (банктын кассаларындагы узун кезектерди жоёт, убакытты үнөмдөйт).
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>