Кытайдан ташылып келе жаткан балык уулоочу торлор кармалды

Кытайдан ташылып келе жаткан балык уулоочу торлор кармалды

«Түндүк» темир жол бажысы Кытайдан ташылып келе жаткан тыюу салынган балык уулоочу торлорду кармады. Бул тууралуу Бажы кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, «Түндүк» темир жол кызматкерлери тарабынан бажы көзөмөлүн жүргүзүү учурунда тыюу салынган синтетикалык балык уулоочу торлорду мыйзамсыз ташып келүү фактысы аныкталган.

Текшерүү учурунда аталган товарларды Кыргызстандын жарандары онлайн-маркетплейс аркылуу буйрутма беришкени белгилүү болгон. Товардын салмагы жалпы 3,6 кг түзгөн.

Бажы кызматы учурда күнөөлүү адамдарды Укук бузуулар кодексине ылайык жоопкерчиликке тартуу чаралары көрүлүп жатканын билдирди.

Ошондой эле аталган кызмат Ысык-Көлдүн экосистемасын коргоо максатында тыюу салынган балык уулоочу шаймандарды, анын ичинде синтетикалык торлорду жана электр менен кармоочу түзүлүштөрдү ташып келүүгө көзөмөл күчөтүлгөнүн маалымдады.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>