Кыргызстанда автоунаалардын саны акыркы 20 жылда 1000 пайызга көбөйгөнү – бул көрсөткүч менен өлкө турмушунун динамикасын, экономикалык жандануусун тастыктайт. Бирок автоунаалардын кескин көбөйүшү менен кошо жол кыймылынын коопсуздугуна байланыштуу маселелер да өстү. Бул шартта автотранспорт ээлеринин жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу (ОСАГО) тууралуу мыйзамдын ишке кириши өз убагында жана зарыл кадам катары бааланууда.
ОСАГО — зарылдыкпы же мамлекеттик басымбы?
Кыргызстанда ОСАГО мыйзамы 2016-жылы кабыл алынганына карабастан, анын практикалык жүзөгө ашуусу 2025-жылдын 1-июлуна чейин кайра-кайра артка жылдырылып келген. Мындай кечигүүнүн себептери көп. Алардын катарында коомдун камсыздандыруу маданиятынын төмөндүгү, жарандардын камсыздандыруу компанияларына болгон ишенбестиги, “жөн эле кагаз” деп эсептеген мамиле да бар.
Бирок кырсыктарга байланыштуу статистика бул мыйзамдын өтө зарылдыгын ачык көрсөтүп турат. Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун маалыматына караганда, 2025-жылдын биринчи жарымында эле ОСАГО боюнча 100дөн ашык учур катталып, жалпысынан 100 млн сомдон ашуун каражат жабырлануучуларга төлөнүп берилген. Бул сандар камсыздандыруунун реалдуу жардам көрсөтө ала турган механизм экенин далилдейт.
Айдоочулардын жоопкерчилиги
ОСАГО полисинин минималдуу баасы – 1680 сом. Бул – бир жылга эсептелген сумма. Ошол эле учурда, жол кырсыгы болгон учурда үчүнчү жакка келтирилген зыян үчүн төлөнө турган максималдуу өлчөмдөр:
- Адам өмүрү үчүн – 300 000 сомго чейин;
- Жаракат үчүн – 100 000 сомго чейин;
- Мүлккө зыян үчүн – 150 000 сомго чейин.
Жөнөкөй эсеп менен алганда, 1680 сом төлөп, 300 миң сомго чейин каражат алуу – бул жарандык жоопкерчиликти камсыздаган сунуш. Бирок бул экономикалык логика коомдук аң-сезим менен дайыма эле шайкеш келе бербейт.
Көпчүлүк жарандарда «мен кырсыкка кабылбайм», «мен этият айдайм» деген жаңылыш ишеним бар. Бирок жолдо жалаң эле сиз эмес, башка дагы миңдеген айдоочулар бар. Башкалардын жоопкерсиздиги сизди да кырсыкка кабылтышы мүмкүн. Мындай шартта жоопкерчиликти камсыздандыруу – коомдук тартипке салым кошкон аракет.
Кайсы маселелер ачык бойдон калууда?
ОСАГО боюнча маалыматтын жетишсиздиги – негизги көйгөй. Айдоочулардын көпчүлүгү полис эмне үчүн керек, кандай шартта жардам берет жана кайсы учурларда төлөм болбой турганын толук түшүнө элек. Камсыздандыруу айрым учурларда (мисалы: күнөөлүү тараптын унаасын оңдоо, соттук чыгымдар) компенсация бербестигин көпчүлүк билбейт.
Мындан тышкары, айрым айдоочулар мамлекеттик эмес камсыздандыруу компанияларына ишенбей келишет. Бирок азыр Кыргызстанда бул кызматты 15 жеке компания жана Мамлекеттик камсыздандыруу уюму жүргүзүп жатат. Мамлекет тарабынан жөнгө салуу күчөтүлүп, бардык келишимдер мыйзамдуу жана ачык системада катталып жатат.
Мыйзам иштей баштаганда эмне өзгөрөт?
2025-жылдын 1-июлунан тарта ОСАГО полиси жок айдоочуларга 3000 сом айып пул салынат. Мыйзам бир жолку эмес, кайра-кайра колдонулушу мүмкүн. Бул, албетте, көпчүлүккө оор жүк катары сезилиши мүмкүн. Бирок ОСАГО полиси жок кырсыкка себепчи болуу – бул бир эле учурда 100 миңдеген сом чыгымга кабылуу дегенди билдирет.
Мыйзамдын ишке кириши менен:
- Айдоочулар жол кыймылына жоопкерчилик менен мамиле кыла баштайт;
- Кырсыкка кабылган жабырлануучулар укуктук жана финансылык жактан корголот;
- Мамлекет транспорт тармагындагы тартипти камсыз кыла алат.
Камсыздандыруу – маданият
ОСАГО – бул айдоочуларды «жазалоо куралы» эмес, тескерисинче, кырсыктан кийин коомдогу стабилдүүлүктү жана тартипти сактоочу механизм. Бул полис – жоопкерчилик жана кайдыгерлик ортосундагы тандоо.
Кыргызстан ЕАЭБге мүчө болгон башка өлкөлөр сыяктуу эле бул мыйзамды ишке киргизүүгө милдеттүү. Бирок бул мыйзамдын эффективдүүлүгү мамлекеттик гана эмес, жарандардын аң-сезимдик деңгээлине да жараша болот.
Мамлекет милдетин аткарып, мыйзамды ишке киргизип жатат. Эми жарандардын милдети – жоопкерчиликтүү болуу, коопсуздукту камсыз кылуу болуп саналат.