Этникалык кыргыздарга Кыргызстандын ЖОЖдорунда окуу үчүн 75 квота бөлүндү. Кантип катышуу керек?

Этникалык кыргыздарга Кыргызстандын ЖОЖдорунда окуу үчүн 75 квота бөлүндү. Кантип катышуу керек?

2025-2026-окуу жылына карата Кыргызстандын жогорку окуу жайларына чет өлкөлөрдө жашаган этникалык кыргыздарды окутуу үчүн 75 квота бөлүндү. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, конкурска Тажикстан, Өзбекстан, Казакстан, Түркия, Кытай жана Пакистандын жарандары болгон этникалык кыргыздар катыша алышат.

Конкурстук тандоого катышуу үчүн талапкерлер “2025-2026-окуу жылы үчүн Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына “Чет өлкөлөрдө жашаган этникалык кыргыздарды кабыл алуу” бөлүмүнөн каттоодон өтүп, зарыл болгон бардык документтерди министрликтин http://student.edu.gov.kg/ онлайн-системасына жүктөп, ошондой эле бардык зарыл болгон талааларды 2025-жылдын 1-август күнү саат 23.59га чейин толтуруп берүүсү керек.

Төмөнкү документтерди тапшыруу керек:

  1. Паспорттун же туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн (паспорт жок болгон учурда) кыргыз же орус тилине которулган, нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү
  2. Тиркемелери менен кошо билими тууралуу документтин (аттестаттын же дипломдун) кыргыз же орус тилине которулган, нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү
  3. Үй-бүлөсүнүн курамы тууралуу маалымкат
  4. Талапкерлердин академиялык чөйрөдөгү жетишкендиктерин тастыктаган сертификаттар, грамоталар, дипломдор (бар болсо) ж.б.
  5. 086-у формасында медициналык маалымкат
  6. ВИЧ / СПИДдин жоктугу жөнүндө маалымкат

Документтер толук эмес болгон учурда өтүнмөлөр автоматтык түрдө четке кагылат! Онлайн системага катталып, программанын талаптарына ылайык бардык керектүү документтерди жүктөгөн талапкерлер тандоо сынактарына катыша алышат.

Конкурстук тандоо:

Бакалавриат программалары үчүн конкурстук тандоо компьютердик/бланктык тестирлөө түрүндө өтөт. Компьютердик/бланктык тестирлөө 2025-жылдын 13, 14, 15-августунда өткөрүлөт.

Онлайн-системага ийгиликтүү катталган талапкерлерге (student.edu.gov.kg) сыноонун датасы жана убактысы жөнүндө маалымат жеке кабинетке жиберилет.

Конкурстук программага катышуу маселелери боюнча маалымкаттар иш күндөрү саат 15:00дөн 17:00гө чейин төмөнкү телефондор аркылуу берилет: +996 (312) 662842 жана +996551 448011.

Ошондой эле, программага катышуу боюнча суроолорду төмөнкү электрондук почтага жөнөтсө болот: edu@mail.gov.kg.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>