Чүй облусундагы ГЭС-5 көлүнө 15 жаштагы өспүрүм чөгүп кетип, каза болду. Чүй облустук милициясы бул окуя боюнча кылмыш иши козголгонун билдирди.
Маалыматка ылайык, кечээ, 19-июнда саат 17:58де миилция бөлүмүнө ГЭС-5 көлүнүн аймагында 15 жаштагы өспүрүм сууга чөгүп кеткендиги тууралуу маалымат келип түшкөн. Бул окуя боюнча текшерүү башталган.
Алдын ала маалыматтар боюнча, ошол эле күнү болжол менен саат 16:30 чамасында өспүрүм тууганы жана анын достору менен бирге эс алуу жана сууга түшүү үчүн көлгө келген. Сууга түшкөндөн 10-15 мүнөт өткөндөн кийин өспүрүм жоголуп кеткен. Жерине куткаруучулар чакырылып, болжол менен бир сааттан кийин анын жансыз денеси жээктен 10 метр аралыкта табылган.
Окуянын бардык жагдайларын иликтөө максатында Кылмыш-жаза кодексинин 297-беренеси (керектөөчүлөр үчүн кооптуу шарттарды түзүү) боюнча кылмыш иши козголду. Соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Тергөө иштери улантылууда.