Кыргызстан белгилүү Wanderlust Travel Awards сыйлыгынын мыкты талапкерлеринин катарына кирди

Кыргызстан белгилүү Wanderlust Travel Awards сыйлыгынын мыкты талапкерлеринин катарына кирди

Кыргыз Республикасы Улуу Британиядагы эң чоң туристтик сыйлыктардын бири болгон Wanderlust Travel Awards премиясынын «Өнүгүп жаткан эң жагымдуу багыт» категориясы боюнча мыкты талапкерлердин тизмесине кирди. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду билдирди.

Мыкты жерлерге добуш берүү 17-октябрына чейин уланат. Ар бир каалоочу бул шилтеме аркылуу кирип, добуш бере алат.

Жеңүүчүлөр 5-ноябрда Лондондогу Улуттук галереяда өтө турган салтанаттуу иш-чарада жарыяланат. Анда Wanderlust Travel Magazine журналынын окурмандары эң жакшы көргөн жерлер жана туристтик багыттар белгилүү болот.

Wanderlust Travel Awards быйыл 24-жолу өтүп жатат. Ал эми Wanderlust журналы 30 жылдан бери саякаттар жөнүндөгү дүйнөлүк лидер болуп келет.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>