Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы коопсуздук келишими ратификацияланды

Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы коопсуздук келишими ратификацияланды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы коопсуздук кызматташтыгы жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу мыйзамга кол койду.

Документке Бишкек шаарында 2024-жылдын 5-ноябрында кол коюлуп, Жогорку Кеңеш тарабынан 2025-жылдын 21-майында бекитилген.

Макулдашуу коопсуздук жаатында эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн мыйзамдык базаны түзүүгө багытталган. Өз ара аракеттенүүнүн негизги багыттары эл аралык терроризмге, экстремизмге жана сепаратизмге каршы күрөшүү, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө, уюшкан кылмыштуулукка жана кибер кылмыштуулукка каршы күрөшүү, ошондой эле адистештирилген адистерди даярдоо жана эки өлкө үчүн тең кызыкчылык туудурган башка багыттар болот.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>