Сексуалдык зомбулук – балдардын коопсуздугуна олуттуу коркунуч жараткан эң коркунучтуу жана жашыруун көрүнүштөрдүн бири. Ал балага физикалык эле эмес, психологиялык зыян алып келип, узак мөөнөттүү кесепеттерди калтырат. Зомбулукка кабылган бала өзүнө ишенимин жоготуп, коомдон обочолонуп, коркунуч жана тынчсыздануу сезимдери менен жашап калышы мүмкүн.
Ата-энелердин негизги милдети – балдарын бул коркунучтан сактоо жана алардын коопсуздугун камсыз кылуу. Бул ирет «Reporter.kg» акыркы убакта коомдо ар кандай терс көрүнүштөрдүн күчөшүнөн улам, cексуалдык зомбулук деген эмне, анын белгилери, алдын алуу жолдору жана эгер зомбулук болуп калган болсо, кандай аракеттерди көрүү керектиги тууралуу ата-энелерге маалымат берүүнү эп көрдү.
Балдарга карата жасалган сексуалдык зомбулук деген эмне?
Сексуалдык зомбулук – бул балага карата жыныстык мүнөздөгү мажбурлоо же терс мамиле. Анын түрлөрү төмөнкүлөр болушу мүмкүн:
• Физикалык жакындык, мажбурлап кучактоо,
• Балага сексуалдык мүнөздөгү сүрөттөрдү, видеолорду көрсөтүү,
• Жыныстык органын көрсөтүү (эксгибиционизм,
• Интимдик сүрөттөрдү тартууга же жөнөтүүгө мажбурлоо,
• Сөз менен сексуалдык мүнөздөгү мазактоо, коркутуу.
Фактылар көрсөтүп келаткандай, бул аракеттерди кылгандар көп учурда балага жакын адамдары – туугандары, кошуналары же тааныштар болушу мүмкүн.
Баланын жүрүм-турумуна көз салыңыз, коңгуроону байкабай калбаңыз
Бала зомбулукка кабылганда, көп учурда ачык айтпайт, үн катпайт. Бирок анын жүрүм-турумунда жана абалында төмөнкүдөй өзгөрүүлөр байкалат:
• Үнсүз болуп калат, адамдардан обочолонот,
• Уйку жана тамактануу режими бузулат,
• Көп чочуйт, коркок болуп калат,
• Мектепке баргысы келбейт же сабакка көңүл бурбай калат,
• Денесинде көгөргөн же жараттар болушу мүмкүн;
• Жыныс органдарына байланыштуу даттануулар болот (оору, кычышуу ж.б.),
• Көпчүлүк учурда жаман түш көрөт же түн ичинде чочуп ойгонуп кетет.
Эгер мындай белгилер байкалса – ата-эне шашылыш түрдө адиске кайрылышы керек. Уят, намыс деп отуруудан майнап жок. Тез арада чара көрүңүз.
Зомбулуктун алдын алуу ар бир ата-эненин милдети
Сексуалдык зомбулукту алдын алуу үчүн ата-эне төмөнкү кадамдарды жасоосу зарыл:
— Бала менен ишенимдүү байланыш түзүү.
— Бала ата-энесине ишенип, ар кандай маселени ачык айтууга үйрөнүшү керек.
— Ата-эне аны укканды, түшүнгөндү жана колдогонду көрсөтүүгө тийиш.
— Балага «ич кийим менен жабылган жерлерге эч ким тийбеши керек» деген эрежени үйрөтүңүз. Ошондой эле, «жок» деп айтуу укугу бар экенин түшүндүрүңүз.
— Балага чоочун адамдар менен сүйлөшүүгө, белек алууга, алардын унаасына отурууга болбой турганын түшүндүрүңүз.
— Жашына жараша сексуалдык тарбия берүү – коргонууга үйрөтөт. Бул жөнүндө ачык, бирок түшүнүктүү тилде айтып берүү керек.
Эгер зомбулук болуп калса эмне кылуу керек?
Эгер бала зомбулукка кабылганын айтса анын сөзүнө ишениңиз. Эч качан шектенбеңиз жана аны күнөөлөбөңүз. Андан соң:
• Дароо укук коргоо органдарына кайрылыңыз – 102 же 111 (балдар үчүн ишеним телефону);
• Медициналык экспертизадан өткөрүңүз – ал жаракаттардын бар же жогун аныктайт;
• Психологго кайрылыңыз – балага эмоциясын түшүнүүгө жана кабыл алууга жардам керек;
• Коопсуздук чараларын көрүңүз – баланы ошол адамдан толук обочолонтуу.
Кыргызстандын мыйзамдарында сексуалдык зомбулук кылган адамга карата катаал жазалар каралган. Бул кылмыштын ар бир формасы үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралат – түрмө, айып пул, коомдон обочолонтуу ж.б. Ошондой эле, бала корголушу үчүн убактылуу коргоо ордери да берилет. Эгер зомбулук мектеп же бакча чөйрөсүндө болсо – жетекчилик жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн.
Баланы сексуалдык зомбулуктан сактоо – ар бир ата-эне, мугалим жана жалпы коомдун милдети. Ачык сүйлөшүү, ишенимдүү байланыш, туура тарбия жана маалымдуулук – бул коркунучтан коргоонун негизги куралдары.