Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жарандарды АКШнын студенттик жана алмашуу программасы боюнча визаларына (F, M жана J категориялары) жаңы талаптар тууралуу кабардар кылды. 2025-жылдын 18-июнунан баштап, визага тапшыруучулар социалдык тармактардагы аккаунттарына ачык кирүү мүмкүнчүлүгүн камсыздоого милдеттүү болушат.
АКШнын Мамлекеттик департаментинин маалыматына ылайык, аталган визаларга талапкерлер социалдык тармактардагы профилдерин жалпыга жеткиликтүү режимге өткөрүшү керек. Бул чара талапкердин жеке инсандыгын жана АКШнын иммиграциялык талаптарына ылайык келерин терең текшерүү үчүн киргизилип жатат. Жаңы эреже консулдук текшерүүнүн милдеттүү бөлүгү болуп эсептелет жана F, M жана J визаларына гана тиешелүү.
Ошондой эле, Тышкы иштер министрлиги АКШда студенттик виза менен жүргөн жарандарды визалык тартипти так сактоого чакырды. Мисалы, окуудан чыгарылган учурда мыйзамдуу статус жоголот жана бул автоматтык түрдө АКШнын тийиштүү органдары тарабынан катталып, виза жокко чыгарылышы же башка укуктук кесепеттерге алып келиши мүмкүн.