Жакынкы Чыгыштагы жаңжалдын мүмкүн болуучу күчөшү Кыргызстан экономикасына олуттуу таасир берип, күйүүчү майга, импорт товарларга баанын өсүшүнө жана сомдун туруктуулугуна коркунуч жаратышы мүмкүн. Бул тууралуу Reporter.kg басылмасына берген маегинде саясий серепчи Тимур Сарылаев билдирди.
Анын айтымында, эгер абал мындан ары да курчуй берсе, дүйнөлүк мунайдын баасы бир баррелине $100дөн ашышы мүмкүн.
«Эгер дүйнөдө мунай кымбаттаса, анда бизде да сөзсүз түрдө кымбаттайт. Бул – реалдуулук», — деди Сарылаев.
Экинчи кесепети — логистиканын кымбатташы. Күйүүчү майдын баасы өскөндө, жүктөрдү ташуунун наркы да жогорулайт. Бул болсо азык-түлүк, кийим-кече, курулуш материалдары жана техника сыяктуу импорттук товарлардын акыркы баасына түз таасир берет. Сатуучулар чыгымдарды керектөөчүлөргө жүктөөгө аргасыз болушат.
Үчүнчү тобокелдик — улуттук валюта курсунун өзгөрүшү.
«Азырынча сом туруктуу, бирок ал рублга байланган. Эгер Россияда курс өзгөрсө, анда биздин сом да ошол багытта өзгөрүшү ыктымал», — деп түшүндүрдү серепчи.
Сарылаев жарандарды паникага алдырбоого чакырып, бирок экономикалык кыйынчылыктардын себептерин түшүнүү маанилүү экенин белгиледи. Ал ишкерлерге азыртан баштап логистикалык чынжырларды кайра карап чыгып, альтернативдүү жеткирүү жолдорун издөөнү сунуштады.
Эльвира Сатыбекова, Reporter.kg үчүн атайын