Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин биринчи орун басары Данияр Амангельдиев Петербург эл аралык экономикалык форумунун алкагында өткөн «ЕАЭБ өлкөлөрүнүн реалдуу секторунун синергиясы – азыркы чакырыктарга жооп» аттуу сессияда сөз сүйлөп, ЕАЭБ алкагында өндүрүштүк жана илимий-техникалык кооперацияны тереңдетүүгө чакырды.
Амангельдиевдин айтымында, Евразия экономикалык союзу түзүлгөн он жыл ичинде мүчө мамлекеттерде өнөр жай өндүрүшү 29,1%га, ал эми айыл чарба продукциясы 25,5%га өскөн. Бул көрсөткүчтөр реалдуу сектордо ийгиликтүү синергия жана чоң потенциал бар экенин далилдейт.
Келечектеги негизги милдеттер катары ал төмөнкүлөрдү белгиледи:
агрардык-өнөр жай комплекстерде кызматташууну өнүктүрүү,
машина курууда интеграцияны тереңдетүү,
жана биргелешкен долбоорлорду санариптештирүү, логистика жана «жашыл» энергетика тармактарында ишке ашыруу.
«Бизге өнөр жайда гана эмес, илимий-техникалык чөйрөдө да кооперация керек. ЕАЭБде бул жаатта чоң мүмкүнчүлүктөр бар, аларды колдоно билишибиз керек», — деп белгиледи Амангельдиев.
Ал өзгөчө санариптештирүүгө басым жасап, аны жаңы индустриялык трансформациянын негизи жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ортосундагы өндүрүштүк интеграциянын кыймылдаткычы катары мүнөздөдү.