Кыргызстан менен Перс булуңундагы Араб мамлекеттеринин Кызматташтык Кеңеши кызматташууну тереңдетет
2025-жылдын 21-июнунда Стамбул шаарында өткөн Ислам Кызматташтык Уюмунун (ИКУ) Тышкы иштер министрлер кеңешинин 51-сессиясынын алкагында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Перс булуңундагы Араб мамлекеттеринин Кызматташтык Кеңешинин (ККК) Башкы катчысы Жассим Мохамед Аль-Будайви жолугушуу өткөрдү.
Тараптар Кыргызстан менен КККнын ортосундагы кызматташтыктын учурдагы абалын жана мындан аркы өнүгүү келечегин талкуулашты. Ошондой эле, быйыл Бишкек шаарында өтө турган “Борбордук Азия жана Перс булуңунун Кызматташтык Кеңеши” 2-Инвестициялык форумунун уюштуруу маселелери каралды.
Бул жолугушуу Кыргызстан менен ККК ортосундагы өз ара аракеттешүүнү жаңы деңгээлге көтөрүүгө өбөлгө түзөт.