Кыргызстан Иран менен Израил ортосундагы жаңжалынын курчуп баратканына жана Газа тилкесиндеги гуманитардык абалдын начарлашына тынчсыздануусун билдирди. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Ислам Кызматташтык Уюмунун (ИКУ) тышкы иштер министрлеринин кеңешинин сессиясында сүйлөгөн учурунда билдирди.
Министр Кулубаев өз кайрылуусунда Жакынкы Чыгыштагы чыңалууну тынчтык жолу менен жөнгө салууга чакырып, бардык тараптарды сабырдуулукка жана дипломатиялык сүйлөшүүлөрдү улантууга үндөдү.
“Кандай гана чыр-чатак болбосун, биринчи кезекте БУУнун Уставынын негизинде, саясий жана дипломатиялык сүйлөшүү жолу менен гана чечилиши керек,” — деп белгиледи министр.
Ал кошумчалагандай, Жакынкы Чыгышта туруктуу тынчтыкты орнотуу бардык мусулман мамлекеттеринин жана эл аралык коомчулуктун биргелешкен аракетин талап кылат.
Кыргызстан ар дайым тынчтыкты, эл аралык укуктун принциптерин жана мамлекеттер аралык маселелерди диалог аркылуу чечүүнү колдой турганын дагы бир ирет тастыктады.