ТИМ: Израилдеги кыргызстандыктарга Египет аркылуу чыгып кетүүгө шарт түзүлдү

ТИМ: Израилдеги кыргызстандыктарга Египет аркылуу чыгып кетүүгө шарт түзүлдү

Израиль менен Ирандын ортосундагы жаңжалдан улам аймактагы кырдаалдын курчушуна байланыштуу ТИМ Кыргызстандын жарандарына Израилден Египет аркылуу чыгып кетүүгө шарт түзүлгөнүн билдирди.

Маалыматка ылайык, жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында египет тарап менен Кыргызстандын жарандарына Эйлат шаарындагы Египеттин Башкы консулдугунан кыска мөөнөттүү визаларды (14 күндөн 30 күнгө чейин) жөнөкөйлөтүлгөн тартипте алуу жөнүндө макулдашуу жетишилген.

Кыргызстандын Израилдеги консулунун Герцлия шаарындагы кеңсесинен Эйлат шаарындагы Египеттин Башкы консулдугуна чыгып кетүү ушул жылдын 24-июну, шейшемби күнгө пландалган.

Ушуга байланыштуу, ТИМ Израилден чыгып кетүүнү каалаган бардык жарандарды ыкчам түрдө төмөнкү маалыматтарды берүүнү өтүнөт:

  1. Аты-жөнү;
  2. Кыргыз Республикасынын жаранынын жарактуу паспортунун сериясы жана номери;
  3. Израилдеги учурдагы жүргөн дареги;
  4. Байланыш телефон номери;
  5. Паспорттун башкы бетинин сүрөтү.

Жогоруда көрсөтүлгөн маалыматтарды төмөнкү даректерге жөнөтүү зарыл:

  • электрондук почта аркылуу: consulkyrgyz@gmail.com;
  • же WhatsApp аркылуу төмөнкү номерлерге: +972 53 321 4916, +90 545 689 6800.

ТИМ маалыматтарды берүүнү кечиктирбөөгө чакырды.

Кошумча суроолор жаралса, төмөнкү телефон номерлери аркылуу кайрылуу керек:

  1. Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги: +90 545 689 68 00;
  2. Кыргызстандын Герцлия шаарындагы консулдугу: +972 54 442 6498.
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>