Ошто үйлөрү буздурулган тургундарга кытайлык компания үй салып берет

Ошто үйлөрү буздурулган тургундарга кытайлык компания үй салып берет

Ош шаарындагы жол кеңейтүү иштеринин натыйжасында үйлөрү буздурулуп, башка жакка көчүрүлө турган жарандарга кытайлык компания  520 үй салып берет. Бул тууралуу Ош мэриясы кабарлады.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 23-июнда Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев «Кунлунь” курулуш компаниясынын директорлор кеңешинин төрагасы Ван Чиан баштаган делегациялык топту кабыл алып, эки тараптуу кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшкан.

«Ага ылайык кытайлык компания Кызыл-Кыштак айылдык аймактык башкармалыгына караштуу жерге 520 үй куруп берет. Бул үйлөр шаардагы турак үйлөрү башкы планга ылайык жолду кеңейтүүдө, каналдардын жээгин ачууда башка жака көчүрүлө турган жарандарга берилет»,- деп айтылат маалыматта.

Үйлөрдү курулушу 1-июль күнү расмий башталат.

Жолугушууда мэр Жеңишбек Токторбаев долбоордун ишке ашуусуна мэрия бардык тараптан колдоо көрсөтөрүн, ошондой эле күз айында суук түшкөнгө чейин үйлөрдү тездетип бүтүрүп, элди көчүрүп кирүүгө жетишүү керектигин билдирген.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>