Бишкекте карызы бар 6 миңден ашуун абоненттин электр жарыгы өчүрүлөт

Бишкекте карызы бар 6 миңден ашуун абоненттин электр жарыгы өчүрүлөт

Эртең, 24-июнда Бишкек шаарында электр энергиясы үчүн карызы бар 6 миң 200дөн ашуун абоненттин жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу «Бишкек электр тармактары» ишканасы билдирди.

Маалыматка ылайык, карызды төлөбөгөндөрдүн жарыгы АИСКУЭ эсептегичтери аркылуу аралыктан өчүрүлөт.

Мындан улам ишкана абоненттерди электр энергиясы үчүн эсептерин кечиктирбей төлөөнү сунуштады.

Абоненттер өзүнүн эсептик абалын Бишкек электр тармактар ишканасынын расмий сайтындагы “Абоненттин балансы” бөлүмүнөн же «Мой свет» мобилдик тиркемеси аркылуу биле алышат. Тиркеме Play Market жана App Store’до жеткиликтүү.

Суроолор боюнча күнү-түнү иштеген колл-борборго кайрылууга болот: 105, 1209, же 0772/0702/0556 00 12 09, ошондой эле WhatsApp номер: 0556 00 12 09.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>