Беш айда 259 тонна мал чарба продукциясы өлкөгө киргизилбей, артка кайтарылган

Беш айда 259 тонна мал чарба продукциясы өлкөгө киргизилбей, артка кайтарылган

Ушул жылдын январь-май айларында Ветеринардык кызматтын чек ара көзөмөлдөө пункттарында мал чарба продукцияларын мыйзамсыз ташуу боюнча 29 факты катталган. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, бул мезгил аралыгында ветеринардык-санитардык талаптарга жооп бербеген 259 тонна мал чарба продукциясы өлкө аймагына киргизилбей, артка кайтарылган.

Ветеринардык кызмат жаныбарлардан алынган продукциялардын коопсуздугун көзөмөлдөөнү уланта турганын билдирип, жарандарды жана ишкерлерди жүктөрдү ташууда тиешелүү ветеринардык документтерди камсыз кылууга чакырды.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>