Медиа коомчулугу «ЖМК тууралуу» мыйзам долбоорун кайра иштеп чыгууга кайтарууну өтүнүүдө

Медиа коомчулугу «ЖМК тууралуу» мыйзам долбоорун кайра иштеп чыгууга кайтарууну өтүнүүдө

Журналисттерден, юристтерден жана медиаэксперттерден турган «ЖМК тууралуу» мыйзам долбоорун кайра иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ президент Садыр Жапаровго жана Жогорку Кеңешке кайрылып, документке киргизилген өзгөртүүлөрдү кайра кароону суранды.

Топтун пикиринде, 16-июнда парламенттин профилдик комитети мыйзам долбооруна мурда жетишилген мунаса макулдашууну толугу менен жокко чыгарган өзгөртүүлөрдү киргизген. Ал мунаса — президенттик администрация жана жарандык коомдун катышуусунда эки жылдык иштердин жыйынтыгы болчу.

Мунаса вариантында эмне камтылган эле:

  • Онлайн-ЖМКлар үчүн ыктыярдуу каттоо;

  • Маалымат булактарын коргоо жана цензурага тыюу салуу;

  • Эл аралык стандарттарга шайкештик.

Жаңы версияда эмнелер киргизилди:

  • Бардык веб-сайттар жана блогдор үчүн милдеттүү каттоо;

  • ЖМК түзүүдө чет элдик катышууга 35% чектөө коюу;

  • ЖМКны каттоо, кайра каттоо жана жабуу боюнча өзгөчө ыйгарым укуктар Министрлер кабинетине өткөрүлүп берилди — бул, эксперттердин айтымында, басымга жана цензурага алып келиши мүмкүн.

Жумушчу топ жаңы өзгөртүүлөр мыйзам долбоорун талаштуу жоболорго кайра кайтарып, Кыргыз Республикасынын Конституциясына каршы келерин белгилөөдө.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>