Бишкекте жыл башынан бери 733 автобус айдоочусу иштен алынган

Бишкекте жыл башынан бери 733 автобус айдоочусу иштен алынган

Бишкек шаарында жыл башынан бери автобус айдаган 733 айдоочу жумуштан алынып, кара тизмеге киргизилген. Бул тууралуу шаар мэриясы билдирди.

Маалыматка ылайык, кара тизмеге киргизилгендер муниципалдык транспорт тармагында мындан ары иштөө мүмкүнчүлүгүнөн ажырашат.

Мындан тышкары тартип комиссияларынын чечими менен 404 айдоочу 20% сый акыдан ажыратылып, сөгүш берилген.

Бул чечимдер бүгүн, 24-июнда автобус айдоочулар менен өткөрүлгөн жыйында айтылды. Анын жыйынтыгында айдоочуларга жол эрежелерин сактоо боюнча көзөмөлдү күчөтүү тапшырмасы берилген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>