Жакынкы Чыгыш аймагы геосаясий жактан татаал, көптөгөн конфликттердин жана чыңалуулардын очогу болуп келет. Акыркы күндөрдөгү окуялар, аймактагы туруксуздуктун жаңы деңгээлине жетип, дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн бурууда. Ирандын өзөктүк объектилерине Израилдин соккусу, ага жооп катары Ирандын чабуулары, Жакынкы Чыгыштын коопсуздугуна олуттуу коркунуч жаратты. Анда эмесе кеп башынан болсун. Окуягатерең көз чаптыра турган болсок, ушул жылдын 2025-жылдын13-июнунда башталган Иран менен Израилдин ортосунда башталган аскерий кагылыш дүйнө коомчулугунун көңүлүн буруп, Жакынкы Чыгыштагы саясий жана аскердик тең салмактуулуктун келечегине олуттуу суроолорду жаратты. Чыр-чатактын фонунда Израиль Ирандын аймагындагы Натанз, Фордо, Исфахан жана башка шаарлардагы өзөктүк жана аскердик жайларга ракеталык сокку урган соң, Иран ири масштабдагыжооп кайтарып, эки мамлекеттин ортосундагы тиреш жаңы баскычка көтөрүлдү. Ал эми Израиль бул операция «мамлекеттик коопсуздукту камсыздоо» максатын көздөгөнүн жар салган. «Reporter.kg» басылмасы бул ирет Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга көз чаптырып, окуяга саресеп салып көрүүнү туура көрдү.
Израилдин жасаган чабуулу учурунда Иран Ислам революциясынын сакчылар корпусунун (КСИР) башкы командачысы, Башкы штаб жетекчиси жана бир нече илимпоздор каза тапканы айтылууда. Кайгылуу окуяда өзөктүк инфраструктуралар жабыркап, жарандык калк да кыйроолордон жабыр тартты. Иран өз кезегинде бул чабуулга “Правдивое обещение – 3” деп аталган операция менен жооп кайтарып, Израилдин Тель-Авив, Хайфа жана башка ири шаарларына 270тен ашуун ракета жана дрон чабуулун жиберди.
Бул ири жаңжалдан кийин дүйнөлүк державалардын жана эл аралык уюмдардын реакциясы экиге бөлүндү. Биринчиси, аскердик операцияларды айыптоо, ал эми экинчиси тараптарды диалогго чакыруу. Өзгөчө БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш, Россия, Кытай, Франция сыяктуу ири өлкөлөр Жакынкы Чыгышта кырдаалдын курчушуна терең тынчсыздануусун билдиришти. Ал эми Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 21-июнда өткөн Ислам кызматташтык уюмунун жыйынында жаңжалды тынчтык жолу менен чечүүнү жактап, аймактагы абалды турукташтыруу үчүн биргелешкен аракеттерди көрүүгө чакырды. Ушундай эле билдирүүнү Алжир, Египет, Түркия жана башка өлкөлөр колдошуп,Израилдин аскерий аракеттерин токтотууга үндөштү.
Ал эми Россия бул окуяны Батышка каршы маалыматтык жана саясий рычаг катары колдонуп, Иранга моралдык колдоо көрсөтүүдө. Кытай болсо, өзүнүн экономикалык кызыкчылыгын сактоо максатында тынчтыкты сактоо чакырыктарын жасоодо. Сауд Аравия өңдүү ири оюнчулар бейтарап позицияны кармоого аракет кылууда. Бирок, Израилдин агрессивдүү аракеттери аларды Иранга дипломатиялык жактан жан тартууга аргасыз кылышы мүмкүн дешет эксперттер.
Эл аралык реакциянын хронологиясы:
— Иран-Израил кагылышы эл аралык коомчулуктункеңири реакциясына дуушар болду.
— АКШ Израилдин коопсуздугун сактоого берилгендигин билдирди, бирок ошол эле учурда деэскалацияга чакырды. АКШ Ирандын ракеталык программасын чектөө үчүн санкцияларды колдонууда.
— Европа Союзу деэскалацияга чакырды жана тараптарды дипломатиялык диалогго барууга үндөдү.
— Россия деэскалацияга чакырды жана тараптарды өз ара сүйлөшүүлөрдү баштоога үндөдү. Россия Ирандын ракеталык программасын чектөө үчүн санкцияларга каршы экенин айтты.
— Кытай деэскалацияга чакырды жана тараптарды өз ара сүйлөшүүлөрдү баштоога үндөдү. Кытай Ирандын ракеталык программасын чектөө үчүн санкцияларга каршы.
— Иран-Израиль кагылышы Жакынкы Чыгыштагы геосаясий кырдаалды ого бетер татаалдаштырат.
Бул кагылыш аймактагы туруксуздукту күчөтүп, жаңы кагылыштарга алып келиши мүмкүн. Ошондой эле дүйнөлүк экономикага да зыян келтириши мүмкүн, анткени бул аймак дүйнөлүк нефть запасынын көп бөлүгүн ээлейт.
Эгерде тараптар дипломатиялык жол менен чечүүгө макулдашпаса, анда кагылыш күчөшү мүмкүн. АКШнын аймактагы ролу деэскалацияга же эскалацияга алып келиши мүмкүн. Ирандын өзөктүк программасы аймактагы чыңалуунун негизги себеби болуп саналат. Сирия, Ливан жана Йемендеги башка оюнчулардын ролу да кырдаалды татаалдаштыра алат.
Аймактагы туруктуулукту калыбына келтирүү үчүн, бардык тараптар өз ара сүйлөшүүлөрдү баштоо жана дипломатиялык чечимдерди табуу үчүн аракет кылышы керек.
22-июнга караган түнү АКШ Ирандын өзөктүк объектилерине абадан сокку урду. Президент Дональд Трамп бул кадам «Иран ядролук куралга ээ болбошу керек» деген стратегиянын алкагында жасалганын билдирип, Иранга «акыркы ультиматум» койду.
Ал эми, Иран өзүнүн эгемендүүлүгүн жана коопсуздугун коргоо укугун колдонуп жатканын белгилеп, АКШ жана Израиль тараптан агрессия токтомоюнча жооп кайтаруу улана турганын айтты.
Израилдин өкмөтү, өзгөчө премьер-министр Нетаньяху, ички саясий кризистен көңүлдү башка жакка буруу үчүн коопсуздук маселесин башкы темага айланткандай болду. Ошол эле учурда, Иран бийлиги да элди «тышкы душманга» каршы биригүүгө чакырып, өзүнүн легитимдүүлүгүн сактап калууга аракет кылууда.
Жаңжалдын мындан аркы өнүгүшү жалпы Жакынкы Чыгыштагы коопсуздук архитектурасын олуттуу өзгөртүшү мүмкүн. Мындай масштабдагы кагылышуулар:
· Ормуз кысыгында эркин сүзүү эрежелерин бузуп, глобалдык энергия ташуу жолдоруна коркунуч жаратышы мүмкүн.
· Ядролук куралды жайылтпоо келишимине болгон ишенимди солгундатып, МАГАТЭ сыяктуу эл аралык агенттиктердин кадыр-баркын жоготушу мүмкүн.
· Иран менен Израиль жаңжалынан улам Сирия, Ливан, Йемен, Ирак сыяктуу аймактарда куралдуу топтор активдешип кетүү ыктымалдыгы жогорулап турат.
· Жаңжал дүйнөлүк деңгээлдеги аскердик альянстарга кысым көрсөтүп, НАТО, ШКУ, БРИКС сыяктуу блоктордун өз ара мамилесине таасир тийгизиши мүмкүн.
Учурдагы кырдаал «же согуш, же тынчтык» деген тандоону күн тартибине чыгарды. Эгерде тынчтыкка багытталган кадамдар тез арада көрүлбөсө, Жакынкы Чыгыштагы кризис глобалдык катастрофага айланышы мүмкүн.
Иран менен Израилдин ортосундагы куралдуу кагылыш – бул тек гана эки мамлекеттин ортосундагы конфликт эмес. Бул — глобалдык күчтөрдүн жаңы форматтагы күрөшү, регионалдык абалдын туруксуздугу жана эл аралык укуктук институттардын алсыздыгы. Кагылыштын мындан аркы өнүгүшү дүйнөлүк тартипке түздөн-түз таасирин тийгизиши ыктымал.
Андаң соң, 24-июнга караган түнү Жакынкы Чыгышта коопсуздук абалы кайрадан курчуду. Ирандын расмий маалымат каражаттары «Жеңиштин жакшы кабары» деп аталган аскердик операциянын алкагында АКШнын Катардагы жана Ирактагы аскердикбазаларына ракеталык сокку урганын билдиришти. Бул кадам АКШ менен Ирандын мамилесинде олуттуу жаңы бурулуш жасады. Иран АКШнын Катардагы базасына 6 ракета кое бергени кабарланды. Катар жана Бириккен Араб Эмирлиги жарандык авиация үчүн өз аба мейкиндиктерин жаап, кырдаалдын курчтугун тастыкташты. АКШнын Ирактагы Айн-аль-Асад аскердик базасында абадан коргонуу системалары даярдыкка келтирилип, аскер кызматкерлерине бункерлерге жашынуу буйругу берилди. Улуу Британиянын Тышкы иштер министрлиги жарандарды Катарга жанаБАЭге барбоого чакырды.
АКШнын президенти Дональд Трамп бул абалдын фонунда Иран менен Израилдин ортосунда ок атышууну токтотуу күчүнө киргенин жарыялап, тараптарды келишимди бузбоого чакырды. Трамп «24 сааттын ичинде 12 күндүк согуштун расмий аякташы күтүлөт»,-деп белгилеген. Ал ошондой эле Иран алгач ок атууну токтотуп, Израиль 12 сааттан кийин жооп катары согуш аракеттерин токтотот деп билдирген. Бирок бул билдирүүнү Иран четке какты. Тышкы иштер министри Аббас Аракчи Иран менен Израилдин ортосунда расмий тынчтык келишими жок экенин айтып,Тегеран согуштук аракеттерин Израиль «агрессияны» токтоткондо гана токтотоорун билдирди.
Өз кезинде Дональд Трамп тынчтык келишим бар десе, Иран бул маалыматты төгүндөөдө. Израил бул боюнча азырынча үн катпай, абал тууралуу расмий комментарий берген жок.
Ирандын АКШга карата ракеталык соккусу – тынчтык сүйлөшүүлөргө каршы чечкиндүү кадам. Бул аракет Тегерандын тынчтыкка эмес, аскердик жооп кайтарууга көбүрөөк ыктап жатканын көрсөтөт. Сокку «АКШга жооп» катары мүнөздөлгөнү – Иран Израилден сырткары, АКШны да түздөн-түз жаңжалдын бир бөлүгү катары карап жатканын айгинелейт.
Бул жерде эл аралык дипломатиянын алсыздыгы көрүнүүдө. Бириккен Улуттар Уюму жана дүйнөлүк ири мамлекеттер бул жагдайга азырынча таасирдүү реакция кылган жок. АКШнын дипломатиялык аракети – негизинен Трамптын жеке билдирүүлөрү менен чектелүү.
Аймактагы геосаясий абал ушул бойдон улана берсе, жаңы масштабдуу кагылышуу коркунучу реалдуу бойдон калууда. Эл аралык коомчулук азыр чукул дипломатиялык чараларга барбаса, Жакынкы Чыгыштагы кырдаал дагы да курчушу мүмкүн.
Ал эми эксперт, Каир университетинин окутуучусу, чыгыш таануучу Армине Акопян “Reporter.kg” басылмасына берген комментарийинде, Сириядагы жаңы бийликтин түзүлүшү жана уйгур согушкерлеринин ролу Борбор Азияга жаңы коркунучтарды жаратышы мүмкүн экенин билдирген.
Анын айтымында, Башар Асаддын бийлиги кулагандан кийин Сирияда «Ислам Үммөтүнүн» идеяларына негизделген жаңы өкмөт калыптанууда. Бул түзүлүштүн курамында 3500гө жакын этникалык уйгур согушкерден турган топтор активдүү роль ойноодо.
«Египеттик ММКлар жана эксперттер бул уйгур бөлүктөрү Сирияга коңшулаш мамлекеттерге каршы колдонулушу мүмкүн деп кооптонушууда. “Уйгур фактору” Кытайга багыттала турган жолдун негизги бөлүгү катары Борбор Азия аркылуу өтүшү мүмкүн»,-деген ал.
Мындан тышкары, эксперт аймактагы мыйзамсыз миграция жана туруктуулукка байланыштуу коркунучтарды да эске салып, Борбор Азиядан Египетке агылган мыйзамсыз мигранттар жергиликтүү коомчулуктагы шектенүүлөрдү күчөтүп жатканын кошумчалады.