26-27-июнь күндөрү туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу жана тоо этектериндеги аймактарында сел жүрүшү мүмкүн. Ошондой эле дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү ыктымал.
Буга байланыштуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жарандарга эскертти:
- Сел коопсуздук эрежелерин сактаңыз;
- Арыктарды тазалап, жээгин бекемдеңиз жана таштанды таштабаңыз;
- Турак үй жайгашкан жерде жаан суулары — агып өтүүгө ылайыкталган арыктын болушун камсыздаңыз;
- Үй же сарай салууда, эгин айдоодо сел жүрүү кооптуулугу бар тилкелерге жакын эместигине өзгөчө көңүл буруңуз;
- Сел учурунда дароо коопсуз жайга кетиңиз;
- Мүмкүнчүлүк болсо үйдөгү свет, суу, газды өчүрүп чыгыңыз.