Бүгүн, 25-июнда Малайзиянын борбору Куала-Лумпурда өлкө башчы Садыр Жапаров Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагим менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Анда Садыр Жапаров жана Анвар Ибрагим Кыргызстан менен Малайзиянын ортосундагы келечектеги гүлдөп-өнүгүү үчүн стратегиялык өнөктөштүк багытында кызматташтыкты чыңдоо боюнча биргелешкен билдирүүгө кол коюшту.
Ошондой эле эки өлкө ортосунда төмөнкү жааттарда кызматташуу боюнча 10 документке кол коюлду:
- Туризм тармагында кызматташуу боюнча меморандум;
- Санариптик трансформация жана киберкоопсуздук жаатында кызматташуу боюнча меморандум;
- Жогорку билим берүү тармагында кызматташуу боюнча меморандум;
- Саламаттыкты сактоо тармагында кызматташуу боюнча меморандум;
- Жаштар саясаты жаатында кызматташтыкты түзүү жөнүндө ноталар менен алмашуу;
- Дипломаттарды даярдоо жана илимий алмашуу жаатында кызматташуу жөнүндө ноталар менен алмашуу;
- Кылмыш иштери боюнча өз ара укуктук жардам көрсөтүү жаатында кызматташуу боюнча ниет каттарын алмашуу;
- КР Президентине караштуу Стратегиялык демилгелер улуттук институтунун (СДУИ) жана Малайзиянын Стратегиялык жана эл аралык изилдөөлөр институтунун (ISIS) ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
- Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу “Кыргыз Экспорт” экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү борбору менен Малайзиянын Тышкы сооданы өнүктүрүү корпорациясынын (MATRADE) ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
- Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы менен Малайзиянын Улуттук соода-өнөр жай палатасынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум.