Минкаб төрагасы Адылбек Касымалиев Кытайда өтүп жаткан “Жайкы Давос” форумунун алкагында Кытайдын ТВЕА корпорациясынын башкармалыгынын төрагасы Чжан Син менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.
Талкууланган маселелер:
— Энергетикага жаңы инвестицияларды тартуу.
— Учурдагы биргелешкен долбоорлордун жүрүшү каралды.
— Кыргызстандын энергетика тармагын чыңдоо жана модернизациялоо боюнча бирдиктүү максат ырасталды.
Эске салсак, ТВЕА өлкөнүн энергетика тармагындагы негизги инвесторлордун бири.