Бүгүн, 25-июнда Садыр Жапаров Куала-Лумпур шаарында Малайзиянын бизнес чөйрөлөрүнүн өкүлдөрү менен жолугушту. Иш-чарага Малайзиянын 50дөн ашуун ири компанияларынын, министрликтердин жана ведомстволордун өкүлдөрү катышты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Садыр Жапаров инвесторлорго кайрылып, Кыргызстандын инвестициялык жагымдуулугун баса белгилеген. Ал өлкөнүн стратегиялык географиялык абалы, табигый ресурстарга байлыгы жана ишкерлер үчүн түзүлгөн салыктык, бажылык жеңилдиктер тууралуу маалымат берген.
“Кыргызстан – соода жана транспорттук жолдордун кесилишинде жайгашкан өлкө. Бизде гидроэнергетика, сейрек кездешүүчү металлдар сыяктуу ресурстар, ошондой эле эркин экономикалык аймактар бар. Ошондуктан Кыргызстан – инвесторлор үчүн чоң мүмкүнчүлүктөрдүн өлкөсү”, — деген өлкө башчы.
Президент Кыргызстандын экономикалык жетишкендиктери тууралуу да кыскача айтып берип, малайзиялык компанияларды Кыргызстанга инвестиция салууга чакырган.
Мындан тышкары иш-чарада Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү жана экспорттук дарамети тууралуу презентациялар тартууланган.
Малайзиялык ишкерлер Садыр Жапаровго алар менен жеке жолукканы үчүн ыраазычылык айтышып, мындан аркы кызматташууга даяр экендиктерин билдиришкен.
Жолугушуунун соңунда бир катар маанилүү документтерге кол коюлган:
- Кыргызстанда эт халал-паркын куруу боюнча “AviaDinamika” компаниясы менен меморандум;
- “Кыргызалтын” ААК менен “Public Gold Marketing” компаниясынын кызматташуу жана алтын сатуу-сатып алуу боюнча келишимдери;
- Кыргызстандын Энергетика министрлиги менен “CitaGlobal Berhad” компаниясынын өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандуму;
- Кыргызстандын «Халал индустриясын өнүктүрүү борбору» мамлекеттик мекемеси менен «PLATINUM GREENHAVEN (M) SDN BHD» компаниясынын ортосунда Кыргызстанда халал-индустриясын өнүктүрүү боюнча мүмкүн болгон биргелешкен иш-чараларды уюштуруу жана кызматташуу жөнүндө меморандум;
- Бишкек жана Куала-Лумпур шаарларынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум.