КМШ өлкөлөрүнүн БШК башчылары Ысык-Көлдө шайлоо маселелерин талкуулашууда

КМШ өлкөлөрүнүн БШК башчылары Ысык-Көлдө шайлоо маселелерин талкуулашууда

Ысык-Көлдө КМШ өлкөлөрүндөгү шайлоо процесстерине арналган эл аралык иш-чаралар өтүп жатат. 23-июндан 28-июнга чейин Булан-Соготу айылында КМШга мүчө мамлекеттердин борбордук шайлоо комиссияларынын жетекчилери, парламент өкүлдөрү жана эксперттер чогулушту.

Иш-чаралардын эң негизги бөлүгү — Ысык-Көл шайлоо форуму 26-июнда өтөт. Форумдун катышуучулары эл аралык шайлоо тажрыйбаларын адаптациялоо, шайлоону уюштуруучуларды окутуунун мыкты методикаларын жана жаштардын шайлоо процессине катышуусун талкуулашат.

Андан тышкары, жуманын программасынын алкагында жаштар үчүн шайлоо мектеби иштеп жатат жана КМШ өлкөлөрүнүн шайлоо органдарынын жетекчилеринин Консультативдик кеңешинин жыйыны өтөт.

Бул иш-чараларды КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын Демократияны өнүктүрүүнү көзөмөлдөө боюнча эл аралык институту (МИМРД МПА КМШ) Кыргызстандын БШКсынын колдоосу менен уюштурууда. Форумга КМШ ПА Кеңешинин Башкы катчысы Дмитрий Кобицкий да катышууда.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР
Тэги: Ысык-Көл

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>