А.Токтоналиев атындагы Бишкек финансы-экономикалык колледжинде Улуу Ата Мекендик согуштун тарыхын изилдөө борбору ачылды. Борборго ардагер, Москвадагы параддын катышуучусу, колледждин алгачкы бүтүрүүчүлөрүнүн бири Султан Мурсалиевдин ысымы ыйгарылды.
Борбордун экспозициясында Кыргызстандын Советтер Союзунун Баатырларынын жана Жеңиш парадынын катышуучуларынын сүрөттөрү, документтери жана жеке буюмдары коюлган. Колледждин фойесинде Жеңиш музейинен алынган “Жеңиш парады 1945” көргөзмөсү да коюлган.