Беш-Арал коругундагы фототузактар тоо эчкилери менен улактарын тартып алган (сүрөт)

Беш-Арал коругундагы фототузактар тоо эчкилери менен улактарын тартып алган (сүрөт)

Жалал-Абаддагы Беш-Арал мамлекеттик жаратылыш коругунун Ак-Шоро участогунда орнотулган фототузактар жапайы жаныбарлардын сейрек учурларын тартып алган. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлиги билдирди.

Тоо эчкилери улактары менен кошо тартылган бул сүрөттөр аймактагы жапайы жаратылыштын кооздугун жана фаунасынын байлыгын көрсөтүп, коруктагы илимий-изилдөө иштерине чоң салым болот.

Корук 1979-жылы Чаткал өрөөнүнүн батыш бөлүгүндө түзүлгөн. Анын жалпы аянты 112 миң гектардан ашат жана ал Кен-Булуң, Баркырак, Араб жана Сандалаш токой чарбаларын камтыйт.

Беш-Арал коругу 2016-жылы ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесинин алдын ала тизмесине киргизилген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>