Сулайман-Тоодо өрт чыгып, 15 гектар жер өрттөнүп кетти

Сулайман-Тоодо өрт чыгып, 15 гектар жер өрттөнүп кетти

Бүгүн, 26-июнда Ош шаарындагы Сулайман-Тоонун аймагында өрт  чыгып, 15 гектар жерди жалын каптады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Алдын ала маалыматтар боюнча, тилсиз жоо куураган чөптөн тутанган.

Өрттү өчүрүүгө 4 күжүрмөн эсеп, 3 куткаруучу тартылган. Тилсиз жоо саат 15:31де толук өчүрүлдү. Жабыркагандар жок.

ӨКМ жарандарды жаратылышта, үйдө, көчөдө өрт коопсуздугун сактоого чакырды.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>