Ошто iPhone жана тыюу салынган дары-дармектерди аткезчилик менен ташыган топ кармалды

Ошто iPhone жана тыюу салынган дары-дармектерди аткезчилик менен ташыган топ кармалды

УКМК Ош облусунда телефон жана дары-дармектерди аткезчилик жол менен ташыган кылмыштуу топтун иши токтотулганын билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган кылмыштуу топ уюлдук телефондорду жана мыйзамсыз баңги заттарды Кыргызстанга мыйзамсыз алып келип, андан ары кыргыз-өзбек чек арасынын аялуу тилкелери аркылуу Өзбекстанстанга алып чыгуу менен алектенишкен.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында контрабандалык товарларды убактылуу сактоочу жайларда жана кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн жашаган жерлеринде тинтүү жүргүзүлгөн.

Анын натыйжасында Кыргызстанга бажы алымдарын төлөбөстөн жана тиешелүү каттоосуз алынып келинген «iPhone» үлгүсүндөгү уюлдук телефондор, ошондой эле алып кирүүгө тыюу салынган дары-дармектер алынган.

Шектүү катары  М.А.А., Г.Ж.П. жана М.О.Ш. аттуу жарандар кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камалган.

Учурда алардын кылмыштуу байланыштарын жана контрабанданы ташып келүү/экспорттоо схемаларын аныктоо боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>