Токмокто өспүрүмдөр каракчылыкка шектелип кармалышты

Токмокто өспүрүмдөр каракчылыкка шектелип кармалышты

Токмокто өспүрүмдөр турак үйгө карачылык кылууга шектелип кармалышты. Бул тууралуу Чүй облустук милициясы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2-июнда милиция бөлүмүнө 56 жаштагы жаран арыз менен кайрылган. Анда ал 1-июндан 2-июнга караган түнү болжол менен саат 01:30дан 02:30га чейин белгисиз адамдар анын үйүнө жашыруун түрдө киришип, уктоочу бөлмөсүнүн эшигин бузуп, ири суммадагы акчаларын уурдап кетишкенин билдирген.

Тактап айтканда, шектүүлөр үйдөн 70 миң орус рубли, 2 миң АКШ долларын, 100 миң казак тенгесин жана 400 миң сомду алып кетишкен.

Окуя болгон учурда үйдүн ээсинин уулу шектүүлөрдүн бирин кармаган. Бирок калган эки шектүү коркутуу менен шеригин бошотуп, качып кетишкен.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси (каракчылык) менен кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан шектүүлөрдүн өздүгү такталып, алар 18 жаштагы Б.Ю., 17 жаштагы З.Э. жана 16 жаштагы Т.М. экени аныкталган.

Шектүүлөр кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Соттун чечими менен алардын экөөсүнө бир айга, ал эми үчүнчүсүнө эки айга камак түрүндөгү бөгөт чарасы тандалган. Тергөө иштери уланууда.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>