Кыргызстанда бала бакчалардын курулушу уланууда

Кыргызстанда бала бакчалардын курулушу уланууда

Курулуш, турак жай-коммуналдык чарба министрлиги республикалык бюджеттин эсебинен мектепке чейинки балдар мекемелеринин курулушу жана капиталдык ремонту боюнча маалымат берди.
Республиканын бардык аймактарында иш кызуу жүрүп жатат.

Ведомстводон билдиришкендей, бала бакчаларды куруу иштери төмөнкү аймактарда жүрүп жатат:

Жалал-Абад — 34 объект;

Ош — 29 объект;

Нарын — 16 объект;

Ысык-Көл — 15 объект;

Бишкек шаары жана Чүй облусу — 10 объект;

Баткен — 8 объект;

Талас — 8 объект.

500 социалдык объектти курууга жана оңдоого 8 миллиард сомдон ашык каражат бөлүнгөн. 31-август Эгемендүүлүк күнүнө карата 100дөн ашык объектилерди, анын ичинде 20 бала бакчаны пайдаланууга берүү пландалууда.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>