Камчыбек Ташиев КРСУнун Камкорчулар кеңешин жетектейт

Камчыбек Ташиев КРСУнун Камкорчулар кеңешин жетектейт

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргыз-Орус Славян университетинин Камкорчулар кеңешинин төрагасы болуп дайындалды. Анын орун басары болуп Россия-кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы Артем Новиков дайындалды.

Жыйында КРСУ үчүн эндаумент фондун (максаттуу капиталдык фонд) түзүү концепциясы да талкууланды. Фонд университетке билим берүү, илимий жана инфраструктуралык долбоорлорду колдоо үчүн бүтүрүүчүлөрдөн, өнөктөштөрдөн жана бизнестен бюджеттен тышкаркы каражаттарды тартууга мүмкүндүк берет.

Кеңештин отурумуна Россия президентинин Чет өлкөлөр менен аймак аралык жана маданий байланыштар боюнча башкармалыгынын жетекчиси Игорь Маслов, РФтин Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакунов, РКӨФтин төрагасы Артем Новиков, бизнес өкүлдөрү жана коомдук ишмерлер катышты.

Ошондой эле КРСУнун Каржы фондунун концепциясы тааныштырылды. Ал университетке билим берүү, илимий жана инфраструктуралык долбоорлорду жасоого көмөк көрсөтөт.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР
Тэги: КРСУ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>