Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев Москвадагы «Сахарово» миграциялык борборуна барып, борбордун башкы директору Антон Игнатов жана Москва өкмөтүнүн өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушууда Антон Игнатов «Сахарово» миграциялык борборунун ишмердүүлүгү жөнүндө кеңири маалымат берип, Кыргызстандын жарандарынын милдеттүү дактилоскопиялык каттоо, сүрөткө тартуу жана медициналык күбөлөндүрүү процедураларынан өтүү тартиби менен министрдин орун басарын тааныштырган.
Ошондой эле 10-сентябрга чейин Орусияда мыйзамсыз жүргөн чет өлкөлүк жарандардын укуктук абалын жөнгө салуу мүмкүнчүлүгүн берген жарлык тууралуу сүйлөшүшкөн.
Орусия тарап жарандар агымы көбөйсө, борбор күчөтүлгөн тартипте иштөөгө даяр экенин билдирип, Кыргызстандык жарандарга борборго баруу үчүн күндүн экинчи жарымын тандоо сунушталды.
Мындан тышкары тараптар 2025-жылдын 1-сентябрынан тарта баштала турган чет элдик жарандарды каттоонун жаңы эрежелерине байланыштуу пилоттук долбоорду ишке ашыруу боюнча маселелерди карашкан.