Кыргызстандагы турфирмалардын айдоочулары казак кесиптештери жана укук коргоо органдары тарабынан куугунтукка кабылып жатканын айтып, өлкө жетекчилигине видео кайрылуу жазышкан. Алар чара көрүү өтүнүчү менен президент Садыр Жапаровго жана УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевге кайрылышкан.
Кыргызстандык айдоочулардын айтымында, алар Казакстанда иштеп жүргөндө кысымга кабылышат: полиция алардын уруксат кагаздарын жокко чыгарып, унааларын айып жайга жөнөтөт. Кошумчалай кетсек, казакстандык кесиптештер социалдык тармактарда кыргызстандык айдоочулар тууралуу жалган маалымат тараткан.
Азырынча кыргыз бийлиги буга жооп бере элек.