Бишкектен учкан учак Новосибирскке авариялык конуу жасады, жабыркагандар жок

Бишкектен учкан учак Новосибирскке авариялык конуу жасады, жабыркагандар жок

Кечээ, 27-июнда  S7 авиакомпаниясына таандык S7-5542 каттамын аткарган учак Бишкек шаарынан Новосибирскке багыт алып,  Новосибирск шаарындагы Толмачево аэропортуна авариялык конуу жасады.

Алдын ала маалыматтар боюнча, жүргүнчүлөр жана экипаж мүчөлөрүнүн арасында жабыркагандар жок. Учак аман-эсен конгону белгиленди.

Окуянын себептерин тактоо жана кырдаалды иликтөө боюнча Росавиация расмий иликтөө иштерин баштаганын билдирди.

Азырынча каттамдын коопсуздугуна байланыштуу кошумча маалыматтар күтүлүүдө.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>