Үстүбүздөгү жылдын 30-июнунда Чолпон-Ата шаарында Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна (ЖККУ) мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйыны өтөт.
Иш-чара Ысык-Көлдү бир күнгө чоң саясаттын борборуна айлантат.
Жыйынга Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстандын тышкы иштер министрлери катышып, биргелешкен коопсуздук маселелерин талкуулашат.
Күн тартибиндеги негизги темалар:
- Эл аралык жана аймактык коопсуздук;
- Терроризмге, экстремизмге жана трансулуттук кылмыштуулукка каршы күрөш;
- Жаңы коркунучтарга, анын ичинде киберкоопсуздукка каршы туруу чаралары.
Жыйындын соңунда аймактык стабилдүүлүктү жана кызматташтыкты чыңдоого багытталган бир катар документтерге кол коюу пландалууда.