Кыргызстанда биринчи жолу эл аралык Gallops ат оюндары өтөт

Кыргызстанда биринчи жолу эл аралык Gallops ат оюндары өтөт

19–26-июль күндөрү Нарын облусундагы Соң-Көлдүн аймагында эл аралык деңгээлдеги уникалдуу ат чабыш марафону — Gallops-2025 өтөт.

Иш-чаранын алкагында катышуучулар 200 чакырымдан ашык аралыкты ат менен басып өтүшөт. Маршрут көлдү айланып өтүүчү атайын трек боюнча уюштурулат жана 5 күнгө созулат.

Gallops — команда менен иштөө, навигация, чыдамкайлык жана физикалык даярдык талап кылынган ралли форматындагы жарыш. Анын концепциясы белгилүү Париж–Дакар автораллисине окшош, бирок бул жолу катышуучулар ат үстүндө жарышат.

Gallops-2025ке 15тен ашык өлкөдөн 100гө жакын профессионал жана VIP чабандестердин келиши күтүлүүдө. Алардын арасында белгилүү актерлор, спортчулар, медиа өкүлдөрү жана падышалык династиялардын мүчөлөрү да бар.

Бул иш-чара Кыргызстанды дүйнөлүк туристтик жана маданий картада дагы да кеңири таанытууга өбөлгө болот деп күтүлүүдө.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>