«Макмал» кенинде алтындын корун чалгындоо иштери башталды

«Макмал» кенинде алтындын корун чалгындоо иштери башталды

“Макмал” кенинде алтындын жаңы корлорун издөө боюнча чалгындоо иштери башталды. Бул тууралуу “Кыргызалтын” ААКы билдирди.

Маалыматка ылайык, учурда Макмал кенинин түштүк-батышындагы “Диорит” тилкесинде бургулоо иштери жүрүп жатат. Иштер “Кыргызгеология” мамлекеттик ишканасы тарабынан жүргүзүлүүдө.

«Жалпысынан 19 көзөнөкчөлөр (скважина) көзөлөт. Алар 140 метрден баштап 400 метр тереңдикте көзөлүп, чалгындоонун жыйынтыгы менен “Макмал Голд Компани” ЖЧКсынын иштөө мөөнөтү дээрлик 10 жылга узарат, ишканада кошумча жумуш орундары көбөйөт»,- деп айтылат маалыматта.

«Кыргызалтындан» маалыматында,  “Макмал” кенинде көп  убакыттан бери алгачкы жолу чалгындоо иштери жүрүп жатат. Мурда, 1969–1990-жылдары Геология башкармалыгы тарабынан жүргүзүлгөн чалгындоодо “Диорит” тилкесинде 4 тонна алтындын кору бар экени аныкталган.

Чалгындоо долбоору эки этаптан турат. Биринчи этапта “Диорит” тилкесинин чыгыш бөлүгүндө жалпы 3275 метр көлөмүндө бургулоо каралган. Экинчи этапта оң натыйжалар алынган соң, 2150 метр деңиз деңгээлинде, узундугу 1 км болгон жер астынан кен казма (штольня) өтүүсү пландалууда. Бул этапта тилкенин борбордук жана батыш бөлүктөрү изилденет. Жалпы 5440 метр бургулоо иши пландалууда.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>