Кыргызстан Монголия жана Араб Эмираттары менен маанилүү соода келишимдерине кол койду

Кыргызстан Монголия жана Араб Эмираттары менен маанилүү соода келишимдерине кол койду

Минск шаарында өткөн Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйынында Кыргызстан үчүн маанилүү эл аралык келишимдерге кол коюлду. Бул тууралуу Экономика министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, жыйындын жүрүшүндө Монголия менен  эркин соода боюнча убактылуу келишим түзүлдү. Ага ылайык Кыргызстандын экспорту үчүн товарлардын 85%ы боюнча тарифтик чендер нөлгө түшүрүлөт. Орточо тарифтик чен 5,5%дан 2,8%га чейин төмөндөйт. Бул ата мекендик экспорттоочулар үчүн олуттуу артыкчылык түзөт.

Ошондой эле Бириккен Араб Эмираттары менен экономикалык өнөктөштүк жөнүндө келишим түзүлдү. Анын негизинде кыргызстандык өндүрүүчүлөр БАЭ рыногуна бажы төлөмүсүз кирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Атап айтканда, кой эти, жаңгак, бал, эт консервалары, кургатылган жашылча-жемиштер, ширелер жана кычкыл сүт азыктары өңдүү айыл чарба товарларын экспорттоого жол ачылат.

Эске сала кетсек, Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин (ЖЕЭК) жыйыны 27-июнда Беларустун борбору Минск шаарында өтүп, евразиялык интеграцияны тереңдетүүгө багытталган негизги маселелер талкууланды. Ага өлкө башчы Садыр Жапаров, ошондой эле экономика жана коммерция министринин орун басары Султан Ахматов катышты.

Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин кийинки жыйыны 2025-жылдын декабрь айында Санкт-Петербург шаарында өтөт.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>