Евразия экономикалык комиссиясынын соода министри Андрей Слепнев ЕАЭБ алкагында товарларды маркировкалоо тутумунун аркасында Кыргызстан 68 миллион доллар өлчөмүндө кошумча салыктык киреше алганын билдирди.
Мындай маалымат 27-июнда Минскиде Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынында айтылды.
2019-жылдан бери ЕАЭБде 274 миллиардга жакын товардын маркасы коюлган, бул контрафакттык товарлардын деңгээлин олуттуу төмөндөтүп, катышуучу өлкөлөрдүн бюджетине кирешелерди көбөйттү. Оң өзгөрүүлөр биримдиктин башка өлкөлөрүндө да байкалууда: Арменияда мыйзамдуу өндүрүүчүлөрдүн саны көбөйдү, Казакстанда тамекинин мыйзамсыз жүгүртүүсү кыскарды, Россия сүт азыктары, бут кийим жана парфюмерия рыногун «актай» алды.