Президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн жетекчиси Дайырбек Орунбеков ЖМКлардын өкүлдөрүнө, блогерлерге жана журналисттерге кайрылып, туристтик сезондо кырсыктар жана кылмыштар тууралуу материалдарды жарыялоодон убактылуу баш тартууну суранды.
Орунбековдун пикиринде, мындай материалдар өлкөнүн позитивдүү имиджине жана туризмдин өнүгүшүнө залакасын тийгизиши мүмкүн. Ал башка өлкөлөрдө журналисттер жоопкерчиликтүү экенин жана мамлекеттин аброюна шек келтире турган үрөй учурган окуяларды жарыялабай турганын белгиледи.
«Акыркы мезгилде жол кырсыктары, андагы оор көрүнүштөр, кандуу кадрлар, адамдын жанчылган денеси тартылган сүрөт-видеолор коомчулукка жарыяланып жатканын көрүп жатам. Мындай материалдарды таратуу менен эч кандай пайда таппайсыңар»,- деп билдирди ал.
Орунбеков мунун ордуна Кыргызстандын жаратылышы, туристтик жайлары жана улуттук меймандостугу тууралуу айтып берүүнү сунуштады.