Орусиянын омбудсмени Москалькова Кыргызстандын тергөө абактарында жаткан орусиялыктар менен жолугат

Орусиянын омбудсмени Москалькова Кыргызстандын тергөө абактарында жаткан орусиялыктар менен жолугат

Орусиянын Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Татьяна Москалькова иш сапар менен Бишкекке келди. Бул тууралуу Акыйкатчы институту маалымдады.

Сапардын алкагында Москалькова Кыргызстандын Акыйкатчы институтунун кеңсесине барып, анда эки өлкөнүн укук коргоо органдарынын ортосундагы кызматташтык, мигранттардын укуктары жана башка маселелер боюнча пикир алмашуу болот. Ошондой эле 2025–2026-жылдарга кызматташтыкты жөнгө салган кошумча протоколго кол коюлары күтүлүүдө.

Мындан тышкары, Татьяна Москалькова Жогорку Кеңештин вице-спикери Нурланбек Азыгалиев жана башкы прокурор Максат Асаналиев менен жолугушмакчы.

Сапар учурунда Москалькованын Бишкектеги Тергөө абагында кармалып турган орусиялык жарандар менен жолугушуусу да каралган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>