Тажикстанда 300дөй ишкердин башын бириктирген кыргыз-тажик бизнес-форуму өтүп жатат. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлү Нурсултан Кубанычбек уулу «Биринчи радиого» берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, форумдун алкагында кыргыз ишкерлерине Тажикстандын өнөр жай жана энергетика объектилери тааныштырылууда. Иш-чарага 100дөн ашык кыргызстандык жана болжол менен 200 тажикистандык ишкер катышууда.
Форумдун программасына бир нече панелдик сессиялар кирет:
- Кыргызстандагы тармактык ассоциациялардын жетекчилеринин катышуусунда «Жеке бизнестин келечеги» сессиясы;
- Чек ара аймактарында кызматташууну өнүктүрүүгө багытталган облус жетекчилеринин катышуусунда «Аймактар аркылуу байланыш: келечекке инвестиция» сессиясы;
- Эки өлкөнүн тийиштүү министрликтеринин жетекчилери катышкан «Соода-экономикалык кызматташтык» сессиясы.
Аталган дискуссияларда эки тараптуу товар жүгүртүүнү көбөйтүүгө багытталган биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жана аймактар аралык байланыштарды бекемдөө маселелери талкууланууда.