Кырсыктан аман калышты: Ысык-Көлдө 8 жумушчу толкун менен алыстап кеткен понтондон куткарылды

Кырсыктан аман калышты: Ысык-Көлдө 8 жумушчу толкун менен алыстап кеткен понтондон куткарылды

8-июль күнү саат 16:30 чамасында Тоң районунун Кажы-Сай айылында жайгашкан «Бустан» пансионатынын пирсин куруп жаткан жумушчулар күтүүсүз кырдаалга кабылышты. Көл үстүндө понтон менен иштеп жаткан учурда катуу шамал чыгып, чоң толкун пайда болуп, жумушчуларды 3–4 чакырым алыстыкка чейин алып кеткен.

Маалымат Тоң РИИБге түшөрү менен, окуя болгон жерге дароо тергөө-ыкчам тобу, туристтик-экологиялык милиция жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары жөнөп кетишкен.

Куткаруу иштери ыкчам уюштурулуп, туристтик милициянын моторлуу кайыгынын жардамы менен 8 жумушчу аман-эсен жээкке чыгарылган.

Жумушчулардын баары аман, ден соолугунда эч кандай жаракат жок.

Ысык-Көл ОИИБ эскертет: аба ырайы туруксуз болгон учурда көлдө жана суу объектилеринде иш алып барууда коопсуздук чараларын так сактоо жана синоптиктердин божомолуна көңүл буруу зарыл.

Рубрики: КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>