Бишкек шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун дарыгери жарандардан системалуу түрдө акча опузалагандыгы үчүн УКМК тарабынан кармалды.
Маалыматка ылайык, ал санитардык нормаларды сактоо боюнча мыйзамсыз уруксат кагаздарын берип, акча талап кылып келген.
12-июнда анын электрондук капчыгына ири суммадагы каражат түшкөн. Тинтүү маалында жанынан 25 миң сом, унаасынан 55 миң сом табылган. Ал акчанын кайдан келгенин түшүндүрө алган эмес.
Дарыгер убактылуу кармоочу жайга киргизилди.