АКШ кыргызстандыктар үчүн виза чектөөлөрүн киргизди

АКШ кыргызстандыктар үчүн виза чектөөлөрүн киргизди

Америка Кошмо Штаттары Кыргызстандын жарандарына карата иммиграциялык эмес визалар боюнча жаңы чектөөлөрдү киргизди. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) расмий билдирүү таратты.

Министрликтин маалыматына караганда, бул чектөөлөр АКШнын Мамлекеттик департаменти тарабынан бир тараптуу негизде, кыргыз тарапка алдын ала эскертүүсүз кабыл алынган.

“Бул чечим Кыргызстандын тынчсыздануусун жаратты. Расмий Бишкек бул маселени дипломатиялык жол менен тактоо ниетинде”, — деп айтылат ТИМдин билдирүүсүндө.

Жакын арада Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Айбек Имангазиев менен АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери жолугушат. Жолугушууда чектөөлөрдүн себептери, аларды жумшартуу мүмкүнчүлүктөрү жана мындай жагдайларды келечекте алдын алуу жолдору талкууланмакчы.

Министрлик белгилегендей, Кыргыз Республикасы АКШ менен конструктивдүү кызматташтыкка чоң маани берет жана чет өлкөлөрдөгү кыргыз жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча иштерди улантат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>