Бүгүн Бишкектеги “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин Чек ара кызматтарынын жетекчилеринин жыйыны өтүп жатат.
Иш-чарага төмөнкү өлкөлөрдүн өкүлдөрү катышууда:
Беларусь, Индия, Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Пакистан, Россия, Тажикстан, Өзбекстан, ошондой эле ШКУнун Регионалдык террорчулукка каршы түзүмү (РАТС).
Жыйында төмөнкү негизги маселелер каралууда:
- чек ара коопсуздугун камсыздоо,
- мыйзамсыз миграцияга жана курал-жарак, баңгизат ташууга каршы аракеттер,
- “Тилектештик–2024” операциясынын жыйынтыктарын талдоо жана баалоо,
- мүчө өлкөлөрдүн чек ара кызматтарынын ортосундагы кызматташтыгын тереңдетүү.
Иш-чаранын жыйынтыгы боюнча биргелешкен документтерге кол коюлуп, келечектеги коопсуздук чаралары боюнча чечимдер кабыл алынары күтүлүүдө.